Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:34

Коронавирус дагы бир кишинин өмүрүн алды


Кыргызстан. Архив.
Кыргызстан. Архив.

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирустан дагы бир киши каза болуп, 32 кишиден вирус жаңы аныкталды. Каза болгон бейтап Ош облусунун тургуну болгон. Бул тууралуу 14-мартта COVID-19га каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.

Саламаттык сактоо жана социалдык жактан өнүктүрүү министрлигинин жаңы эсеби боюнча пандемия башталган 2020-жылдын март айынан бери вирустан кайтыш болгондордун жалпы саны 1481 кишиге жетти.

Пандемияда оору жугузуп алгандардын расмий эсеби 86 850 киши. Анын 83 836сы айыгып чыкты.

Азыр 343 киши ооруканада. Анын 18и өтө оор, 98и оор абалда жатат. Үй шартында 250 адам дарыланып жатканы расмий кабарланды. (TSh)

XS
SM
MD
LG