Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:26

Милициянын кыйноосуна кабылган адам кенемтени көбөйтүүнү талап кылууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Милициянын кыйноосуна кабылганы сотто далилденген Улан Назаралиевдин адвокаты ага төлөнө турган кенемтени көбөйтүү талабы менен Бишкек шаардык сотуна кайрылды. Бул тууралуу 24-мартта “Азаттык” радиосуна «Кыйноого каршы коалиция» уюму кабарлады.

Быйыл 24-февралда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту 38 жаштагы Назаралиевдин доо арызын жарым-жартылай канааттандырып, мамлекет ага «50 миң сом өлчөмүндө кенемте төлөп берсин» деген чечим чыгарган.

Анын адвокаты Сардорбек Абдухалилов 2012-жылдын 6-ноябрында Жалал-Абад шаарынын ички иштер бөлүмүндө кармалып турган жарандарга кыйноо колдонулганын билдирген.

2019-жылдын июль айында Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча комитети Назаралиевдин укугу бузулуп, кыйноого кабылганы тууралуу чечим чыгарган.

Бул чечимден кийин Жалал-Абаддагы адам укугун коргоочу "Справедливость" уюмунун жардамы менен Назаралиев Бишкек шаарындагы Биринчи Май райондук прокуратурасына доо арыз менен кайрылган.
Адвокаттар Назаралиевдин ден соолугуна жана психикасына милиция кызматкерлери келтирген зыяндан улам мамлекеттен үч миллион сомдук кенемте талап кылышкан.

Укук коргоочулардын айтымында, Кыргызстанда кыйноо фактылары негизинен кылмышка шектүү адам жаңы кармалганда, милиция бөлүмүндө катталат. Ички иштер министрлиги (ИИМ) мындай окуялар бар экенин, кызматкерлер арасында түшүндүрүү иштери жүрүп турарын билдирип келет. (RK)

XS
SM
MD
LG