Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:43

Бишкекте 6-7-8-10-класстардын окуучулары онлайн окууну улантат


Онлайн режимде окуп жаткан окуучу. Кыргызстан.
Онлайн режимде окуп жаткан окуучу. Кыргызстан.

Бишкекте 4-чейректе 6-7-8-10-класстардын окуучулары онлайн режиминде окууну улантат.

Мурдагыдай эле 1-2-3-4-5-9-11-класстардын окуучуларына гана мектепке барууга уруксат берилет. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү башкармалыгынын башчысы Элмира Иманалиева 30-марттагы брифингде билдирди.

Анын маалыматына караганда, бул чечим коронавирустун жайылып жатышына байланыштуу кабыл алынды. Башкалаада айрым класстар кадимки тартипте окууга өткөн 18-январдан марттын башына чейин вирус 18 мектепте, 14 мугалимде жана 13 окуучудан табылды.

Кыргызстандагы мектептерде 20-мартта 3-чейрек аяктап, окуучулар каникулга тараган. 4-чейрек 1-апрелде башталат.

Буга чейин өкмөт 1-апрелден тартып бардык окуучулар мектептен окуй баштай турганын билдирген. Бала бакчалар менен жогорку окуу жайлардагы билим берүү жараяны да калыбына келтирилери айтылган.

Бирок коронавирус жугузгандар акыркы мезгилде кайра көбөйө баштады. Өлкөдө 2020-жылдын март айынан бери коронавируска чалдыккандардын саны 88 миңден ашып, бир жарым миңдей бейтап каза болду.

Пандемиядан улам 2020-жылдын март айында Кыргызстандагы мектептер онлайн окутууга өткөн. 1-сентябрда 1-класстар гана мектепке барган.

Кийинчерээк аймактарда этап-этабы менен окуучулар мектепке каттап окуй баштаган. Бирок эпидемиологиялык абалдан улам Бишкек шаарындагы мектептер, бала бакчалар дагы эле толук ачылбай турат. (NT)

XS
SM
MD
LG