Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:56

Текебаевдин мандаты анын ишинде фигурант болгон Абдылдаевге берилди


Өмүрбек Текебаев.
Өмүрбек Текебаев.

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин депутаттык мандаты тизмеде кийинки турган Мамлекеттик мүлк фондунун мурдагы жетекчиси Шералы Абдылдаевге берилди. Мындай токтом Борбордук шайлоо комиссиясынын 29-марттагы отурумунда кабыл алынды.

2017-жылы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет «Ата Мекен» партиясынын тизмесинде 26-орунда турган Шералы Абдылдаевге Кылмыш-жаза кодексинин (Жазык кодексинин ошол кездеги аталышы) 303-беренеси («Коррупция») менен кылмыш ишин козгоп, издөө жарыяланган. Ошол кезде атайын кызмат Абдылдаевди Өмүрбек Текебаев жана мурдагы министр Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча фигуранттардын бири катары шектелип жатканын маалымдаган. Кийин Абдылдаевдин иши ал материалдан бөлүнүп, өзүнчө каралары кабарланган.

Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлү Төлөгөн Айтикеев Шералы Абдылдаевдин кылмыш иши боюнча буларга токтолду.

«2020-жылдын 12-октябрында УКМКнын Тергөө кызматы шектүү оор илдетке чалдыкканына байланыштуу кылмыш ишин токтотуу чечимин чыгарган», - деди.

Айтикеев Абдылдаевге карата укук коргоо органдарында соттолгондугу жөнүндө маалымат жок экенин айтып, мандат алууга укуктуу экенин белгиледи.

Жогорку сот 3-мартта «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге депутаттык мандаттын кайтарылып берилишине байланышкан ишти карап, шаардык соттун чечими өзгөртүүсүз калтырылган.

Муну менен Өмүрбек Текебаев мандатынан кайра ажыратылган. Саясатчы 2020-жылдын 4-октябрында өткөн парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына нааразылык акциялары жапырт башаламандыкка айланып, бийлик алмашкандан кийин кайрадан депутат болгон.

Бирок жарандык активист Темирлан Ормуков Текебаевге "мандат мыйзам бузуу менен ыйгарылган" деген негизде сотко кайрылган. Бишкектин административдик соту БШКнын мандатты кайтаруу тууралуу чечимин жокко чыгарган. Кийинчерээк Бишкек шаардык соту ал чечимди күчүндө калтырган.

Өмүрбек Текебаев менен мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылы "Мегаком" иши" боюнча «орусиялык жарандар Леонид Маевский менен Алексей Модинден пара алган» деген көрсөтмөнүн негизинде айыпталып камалып, ар бири 8 жылдан түрмөгө кесилген.

Жогорку сот 2019-жылы ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган. Ишти кайра кароого жиберген. Текебаев менен Чотонов үй камагына чыгарылган. Бишкектин Биринчи май райондук сотунда азыркы тапта алардын иши кайра каралып жатат.

Эки саясатчы тең өздөрүнө козголгон кылмыш ишин ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин саясий куугунтугу катары баалап келишет. (TSh)

XS
SM
MD
LG