Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:49

Элчи: Бишкек Венеция комиссиясынын конституциялык реформа боюнча корутундусун карайт


Кыргыз Республикасынын Конституциясы алгач 1993-жылдын 5-майында кабыл алынган.
Кыргыз Республикасынын Конституциясы алгач 1993-жылдын 5-майында кабыл алынган.

Кыргызстандын Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмундагы (ЕККУ) туруктуу өкүлү, элчи Бакыт Жусупов Конституциянын сунушталган жаңы долбоору боюнча ЕККУнун жана Европа Кеңешинин Венеция комиссиясынын биргелешкен пикири өлкөдө көңүл буруу менен кабыл алынып, изилденип жатканын билдирди. Бул тууралуу элчи Жусупов 25-мартта Венада ЕККУнун Туруктуу кеңешинин кезектеги жыйынында сүйлөп жатып айтканын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) кабарлады.

Жусупов өнөктөштөрдүн Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан конституциялык реформалар боюнча билдирүүлөрүн кубаттай турганын жана ЕККУ менен конструктивдүү кызматташтыкты улантууга ишенерин белгиледи.

Бакыт Жусупов.
Бакыт Жусупов.

Жусупов 2021-жылдын 10-январында мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасы боюнча референдумдун жыйынтыгында добуш берген жарандардын 84% президенттик башкаруу формасын тандаганын белгиледи. Элчи "эл аралык коомчулук, анын ичинде ЕККУ, Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюро тарабынан таанылган шайлоодо шайлоочулардын 79% добушу менен президент болуп тандалган Садыр Жапаров өзүнүн мандатына таянуу менен элдин демократиялык эркине ылайык келген саясат жүргүзүп жатканын" айтты.

“Конституциялык реформа маселелери акыркы жылдары саясий талкуулардын күн тартибинде жана чордонунда болуп келгенин туруктуу өкүл баса белгиледи. Биз сыймыктанган активдүү жарандык коом жана эркин басма сөз ар дайым бул процесстин маанилүү бөлүгү болуп келген. 2020-жылдын ноябрь айынан баштап Конституциянын долбоору ачык, жалпы улуттук деңгээлде жана кеңири талкууланып, жарандык коомдун катышуусу менен өттү”, - деп айтылат ТИМ тараткан маалыматта.

Буга чейин Европа Кеңешинин Венеция комиссиясы Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму менен бирге Кыргызстандын жаңы Конституциясынын долбоору боюнча корутундусун жарыялаган. Анда сунушталган Баш мыйзам кабыл алынса, бийлик бир колго топтолоору, тең салмактуулук бузулары белгиленген. (TSh)

XS
SM
MD
LG