Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:35

Милиция: Музейдеги баалуу буюмду уурдоого аракет кылган чет элдик кармалды


Шектүүнүн сүрөтү.
Шектүүнүн сүрөтү.

Ички иштер министрлигинин күзөт кызматы Гапар Айтиев атындагы Улуттук сүрөт өнөр музейинен баалуу буюмдарды уурдоого аракет кылган киши кармалганын кабарлады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Милиция кабарлангандай, 28-мартка караган түнү музейдин коопсуздук коңгуроосу иштеп, күзөттөгү кызматкер бир кишинин имаратка кирип баратканын көрүп калган. Шектүүнү кармоо учурунда ал каршылык көрсөткөн. Ыкчам топ жетип келип, шектүүнү Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирген. Кармалган адам 42 жаштагы чет өлкөлүк жаран экени аныкталган. Имараттын айланасындагы видео көзөмөл жулунганы белгилүү болду. Учурда тергөө жүрүп жатат.

Милиция кармалган шектүү кайсы өлкөнүн жараны экенин жана эмне буюм уурдоого аракет кылганы боюнча маалымат берген жок.

Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы өнөр музейи Кыргызстандын эң башкы сүрөт казынасы. Ал 1935-жылы ачылып, учурда 18 000дей эмгек сакталып турат. Акыркы жылдары аталган музейден эмгектер уурдалып, кылмыш иши козголгон. (TSh)

XS
SM
MD
LG