Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Сентябрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 15:38

“Манас”: эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу бир катар эл аралык каттамдар токтотулду (тизме)  


«Манас» аэропорту. Апрель, 2020-жыл.

Кыргызстандын “Манас” аэропорту эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу он чакты туруктуу эл аралык каттамдар токтотулганын кабарлады. Ага ылайык:

Бишкек – Воронеж – Бишкек каттамы 3-апрелден 25-апрелге чейин;

Бишкек – Грозный – Бишкек каттамы 30-марттан 6-апрелге чейин;

Бишкек – Иркутск – Бишкек каттамы 1-апрелден 29-апрелге чейин;

Бишкек – Новосибирск – Бишкек каттамы 31-марттан 2-апрелген чейин учпайт.

5-апрелдеги Бишкек – Казань – Бишкек, 2-майдагы Бишкек – Краснодар – Бишкек, 30-апрелдеги Бишкек – Красноярск – Бишкек, 3-апрелдеги Бишкек – Сургут – Бишкек каттамдары токтотулду. Бул аба каттамдарын «Авиа Траффик» компаниясы жүргүзөт.

«China Southern Airlines» компаниясы Үрүмчү-Бишкек-Үрүмчү каттамын белгисиз мөөнөткө токтотту. Ал эми «Air Astana» компаниясы Алматы – Бишкек – Алматы каттамдарында айрым күндөргө чектөө киргизди. Ага ылайык:

29-марттан 29-апрелге чейин дүйшөмбү жана бейшемби, 31-марттан 28-апрелге чейин шаршемби, 30-марттан 30-апрелге чейин шейшемби жана жума күндөрү учак каттабайт.

“Манас” аэропорту аба каттамдар боюнча airport.kg сайтынан маалымат алууга чакырат. (TSh)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG