Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:43

Коронавирустан улам чет өлкөгө бир катар авиакаттамдар токтотулду


«Шереметьево» аэропорту. Москва. Илююстрациялык сүрөт.
«Шереметьево» аэропорту. Москва. Илююстрациялык сүрөт.

Коронавируска байланышкан эпидемиологиялык кырдаалдан улам 29-марттан тартып Кыргызстандан чет мамлекетке бир нече авиакаттамдар токтотулду.

"Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдиргендей, эл аралык төмөнкү авиакаттамдар убактылуу каттабайт:
«Авиа Траффик» компаниясынын
Бишкек – Воронеж – Бишкек каттамы 3-апрелден 25-апрелге чейин.
Бишкек – Грозный – Бишкек – 30-марттан 6-апрелге чейин.
Бишкек – Иркутск – Бишкек – 1-апрелден 29-апрелге чейин.
Бишкек – Казань – Бишкек – 5-апрелден тартып.
Бишкек – Краснодар – Бишкек – 2-майдан тартып.
Бишкек – Красноярск – Бишкек – 30-марттан тартып.
Бишкек – Новосибирск – Бишкек – 31-марттан 2-апрелге чейин.
Бишкек – Сургут – Бишкек – 3-апрелден тартып.

Мындан тышкары «China Southern Airlines» компаниясы Үрүмчү-Бишкек-Үрүмчү багытындагы туруктуу авиакаттамын белгисиз мөөнөткө чейин токтотту.

«Air Astana» компаниясы да Алматы – Бишкек – Алматы багытындагы туруктуу каттамдарын убактылуу токтотмой болду. Ага ылайык, 29-марттан 29-апрелге чейин дүйшөмбү жана бейшембидеги, 31-марттан 28-апрелге чейин шаршембидеги, 30-марттан 30-апрелге чейин шейшемби жана жумадагы рейстер учпайт.

Кыргызстанда акыркы күндөрү коронавирус жугузуп алгандар кайра көбөйө баштады. (NT)

XS
SM
MD
LG