Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:58

Акыйкатчы Башкы прокуратурадан Ниязовдун баш коргоо чарасын өзгөртүүнү өтүндү


Алмазбек Атамбаев менен Фарид Ниязов сот залында. 2020-жылдын 23-декабры.
Алмазбек Атамбаев менен Фарид Ниязов сот залында. 2020-жылдын 23-декабры.

3-мартта Мирсаид Миррахимов атындагы кардиология жана терапия борбору Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып камакта жаткан президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязовго 3-даражадагы гипертониялык оорусу бар деген диагноз койгон. Мындай маалыматты Акыйкатчы институту жарыялады. Аталган мекенин өкүлдөрү 23-мартта Бишкектеги №1 тергөө абагына кирип Ниязов менен жолугуп чыккан.

“Бул медициналык аныктама оор илдеттердин катарына кирет. Андыктан мындай оорусу бар адамдардын кылмышка шектүү же соттолуучу катары камакта жатышы саламаттыгына оорчулук жаратат. Өкмөттүн 2018-жылдын 20-июнундагы №296 токтому (“Шектүүлөрдүн жана айыпталуучулардын кармалышына тоскоол болгон олуттуу оорулардын тизмесин бекитүү жөнүндө”) Фарид Ниязовдун баш коргоо чарасын өзгөртүүгө негиз болот”, - деп жазылат маалыматта.

Акыйкатчы Токон Мамытов бул маалыматты мыйзам чегинде карап көрүү өтүнүчү менен башкы прокурор Курманкул Зулушевге кат жиберген.

27-мартта ушундай эле катты Башкы прокуратурага Ниязовдун жактоочусу Замир Жоошев да жолдогон.

Жактоочунун белгилешинче, Жазык-процесстик кодекстин 118-беренесине ылайык кылмышка шектүү адамда оор илдет аныкталса, анын бөгөт чарасын жумшартса болот жана бул үчүн мыйзамдуулукту көзөмөлдөөчү орган катары прокуратура тергөө судьясына өтүнүч келтире алат.

2020-жылдын 4-октябрында Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өткөн. Анын жыйынтыгына нааразы болгондордун митинги 6-октябрга караган түнү президенттик аппараттын жана парламенттин кеңсеси жайгашкан имараттарды ээлеп алуу менен аяктаган. Башаламандык учурунда 2019-жылдын август айындагы Кой-Таш окуясы боюнча Атамбаев менен кошо айыпталып, №1 тергөө абагында кармалып турган Фарид Ниязов да бошотулган.

9-октябрда Бишкектин Ала-Тоо аянтында митинг уюштурулган. Милиция аянттагы таш, бөтөлкө ыргытуу, ок атуу менен коштолгон жаңжал боюнча иш козголгонун маалымдаган. Бул үчүн 10-октябрда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Фарид Ниязов менен чогуу бир топ адам кармалган.

Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдараак былтыр 9-октябрдагы жапырт башаламандыкты уюштурууга шектүү катары кармалган Ниязовдун абактагы мөөнөтүн 13-апрелге чейин узарткан.

Башкы прокуратура акыйкатчынын жана адвокаттын билдирүүсү жана арызы боюнча азырынча расмий маалымат бере элек. (MiK)

XS
SM
MD
LG