Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Апрель, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:18

Бишкек-Ош жолунда аскер автоунаасы кырсыктап, бир адам каза болду


Иллюстрациялык сүрөт.

Коргоо министрлигинин көчмө концерт уюштуруучулары Бишкек-Ош жолунда баратып, автоунаасы ала салып, бир адам каза болду. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Кырсык 29-мартта болгон.

Маркум алган жаракатынан дароо жан берген. Ал эми дагы бир адам колунан жаракат алды. Алдын ала маалымат боюнча айдоочу катаал аба ырайынан улам автоунааны башкара албай калган. Учурда Аскер прокуратурасы окуя боюнча кызматтык териштирүү жүргүзүп жатат. (TSh)

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.

XS
SM
MD
LG