Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:18

COVID-19: 113 адам жугузду, бирөө каза болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү - 30-марттагы маалыматына караганда, бир сутка ичинде Кыргызстанда бул вирус 113 адамдан жаңы аныкталды. Бир киши каза болду.

Оору жаңы аныкталгандардын эң көбү Бишкек шаарында (61) жана Чүй облусунда (44).

Өлкө боюнча оору жуккандардын жалпы саны 88 726 адамга жетти, 1498 адам каза болду.

Бир күндө 70 киши сакайды.

Коронавируска каршы жарпырт эмдөө Кыргызстанда 29-мартта башталды. Вакцинаны алгачкылардан болуп саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев алды.

Кыргыз өкмөтү кытайлык SinoPharm компаниясы чыгарган вакцинаны колдонуп жатат.

75 миң адамга эсептелген 150 миң доза вакцина Кыргызстанга 19-мартта келген.(MiK)

XS
SM
MD
LG