Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:37

Парламент кымбаттоого байланыштуу өкмөттүн маалыматын угат


Базарда азык-түлүк ташып бараткан соодагер. Кыргызстан. (Иллюстрациялык сүрөт)
Базарда азык-түлүк ташып бараткан соодагер. Кыргызстан. (Иллюстрациялык сүрөт)

Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети күнүмдүк керектөөчү азык-түлүктүн, күйүүчү, майлоочу майлардын баасын турукташтыруу жана кыргыз-кытай чек арасындагы жүк ташуучулар боюнча чараларды угуу үчүн өкмөттөн маалымат алат.

30-марттагы комитет жыйынына вице-премьер-министр, экономика жана финансы министри Улукбек Кармышаков баштаган бардык өкмөт мүчөлөрү катышат.

Буга чейин Жогорку Кеңештин айрым депутаттары кыргыз өкмөтүн азык-түлүк жана башка товарлардын кескин кымбаттоосуна каршы чараларын угуу үчүн парламентке чакырышкан.

Расмий маалыматка караганда, СOVID-19 илдетине байланыштуу чектөөлөрдөн улам бир жыл ичинде Кыргызстандын ички дүң продукциясы 8,6% төмөндөп кетти.

Өлкөдө соңку айларда дээрлик бардык тармактарда кымбаттоо өкүм сүрүп турган чак. Азык-түлүктүн, күйүүчү майдын жана башка товарлардын баасы кескин өстү. Расмий түрдө жалпы инфляция 9,7% делгени менен айрым товарлар 50% чейин кымбаттады. (TSh)

XS
SM
MD
LG