Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:57

Талас: аким сынактан эки орун басар өтпөй калды, бир аким кызматтан кетти


Иллюстрация
Иллюстрация

29-мартта Талас облусунун төрт район башчыларын жана алардын орун басарларын кайра баалоо аяктады. Анын жыйынтыгы менен Кара-Буура районунун акиминин биринчи орун басары Таалайбек Айманбетов жана Манас районунун акиминин орун басары Махабат Орозалиева тийиштүү балл топтой албай, аттестациядан өтпөй калышты.

Ошол эле учурда Бакай-Ата районунун акими Чолпонкул Төрөкулов сынакка катышпай, анын себебин кызматтан кетүү боюнча жазган арызы менен “Азаттыкка” берген маегинде мындайча түшүндүрдү.

“Менин кызматтан кетүүмө аттестациянын эч кандай тиешеси жок, өз каалоом менен кеттим. 60 жашка чыгып калдым, жаштарга орун бериш керек. Мындай ойду күзүндө эле мурунку губернаторго айтканда иштеп туруумду суранган”.

11-мартта Кыргызстанда акимдерди сынаган мамлекеттик аттестация башталган. Мамлекеттик кадр кызматынын жетекчиси Абдырахман Маматалиев баштаган 11 адамдан турган аттестациялык комиссия 29-январда чыккан президент Садыр Жапаровдун “Жаңы мамлекеттик кадр саясаты жөнүндө” жарлыгына ылайык акимдерди сынактан өткөрүп жатат.

Үч этаптан турган сынактын биринчи баскычында жетекчилердин ишмердиги иликтенип, экинчи баскычында мыйзамдарды билүүгө жана жеке сапаттар боюнча компьютердик тест болсо, үчүнчү баскычы катары маектешүү өтмөкчү.

Кыргызстанда 495 айыл өкмөттүн башын кошкон 44 район бар. (MKu)

XS
SM
MD
LG