Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:01

Аскердик автоунаа катышкан кырсыкта ырчы Нурзат Ажыгожоева кайтыш болду


Нурзат Ажыгожоева.
Нурзат Ажыгожоева.

Бишкек-Ош жолундагы автокырсыктын кесепетинен каза болгон адам Сокулук райондук маданият үйүнүн жетекчиси, ырчы Нурзат Ажыгожоева экени белгилүү болду. Бул маалыматты аны менен окуу жайда бирге окуган Узак Урмат «Азаттыкка» ырастады.

Анын айтымында, Ажыгожоева 29-мартта Бишкек-Ош жолунда кырсыкка кабылып, ала салып кеткен аскердик автоунаанын ичинде болчу.

Маркум Сокулук районундагы маданият үйүн жетектеп, Куралдуу күчтөрдүн оркестринде ырдап келген. Ал Калый Молдобасанов атындагы консерваториянын элдик ырдоо бөлүмүн 2017-жылы бүтүргөн. Маркумдун артында үч баласы жана жолдошу калды.

29-мартта түштүк регионундагы аскер бөлүктөрүнө концерт койгону бараткан чыгармачыл топ Жайыл районунун аймагында кырсыкка кабылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы түшкү саат 12:30 чамасында Бишкек-Ош жолунун 159-чакырымында “КамАЗ-Вахтовка” үлгүсүндөгү машиненин айдоочусу рулду башкара албай, жолдон чыгып оодарылып кеткенин билдирген. Анын кесепетинен Нурзат Ажыгожоева каза болуп, чыгармачыл топтогу беш адам ар кандай жаракаттар менен Жайыл райондук ооруканасына түшкөн.(MZh)

XS
SM
MD
LG