Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:54

COVID-19: Министрлик ооруган дарыгерлердин арызын кабыл алууну токтотту


Алымкадыр Бейшеналиев.
Алымкадыр Бейшеналиев.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги коронавирус боюнча кенемте сурап кайрылган медкызматкерлердин арызын кабыл алууну токтотту. Бул тууралуу 31-мартта “Биринчи радионун” эфиринде саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, мындан ары андай арыздар ар бир мекеменин өзүндө каралат жана чечим ошол жерден кабыл алынат.

Бейшеналиев билдиргендей, жалпысынан 2600 протокол каралып чыгып, 1137 медицина кызматкерине 200 миң сомдон кенемте төлөнүп берилди.

Мындан тышкары бул оорудан каза болгон 32 дарыгердин үй-бүлөсүнө 1 млн. сомдон төлөндү.

Министрдин айтымында, азыр дагы 250-300 протокол каралып жатат, калгандары кайтарылып берилди.

Бейшеналиев быйыл 11-января буйрук чыгарганын, анын негизинде коронавируска чалдыккан медицина кызматкерлери өзү иштеген оорукананын жетекчилигине кайрыларын билдирди. Арызды ар бир мекемеде түзүлгөн комиссия карап чыгып, макулдугун берсе оору жуккандарга 75 миң сомдон төлөнүп берилет.

Өкмөттүн 2020-жылдын 4-майындагы буйругу менен ооруну жугузуп алган медицина кызматкерлерине 200 миң, каза болгондордун үй-бүлөсүнө 1 миллион сом төлөө каралган. Кенемде атайын териштирүүнүн жыйынытыгында төлөнүүдө. Буйрук чыккандан кийин министрликте атайын комиссия түзүлгөн. Кенемте төлөө тууралуу акыркы чечимди ошол комиссия чыгарып жаткан.

Кыргызстанда коронавирус 4246 медкызматкерге жукту, алардын 4197си айыгып чыкты, 106сы каза болду. (RK)

XS
SM
MD
LG