Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:37

Мурдагы министр Чолпонбаевдин бөгөт чарасы өзгөрдү


Космосбек Чолпонбаев.
Космосбек Чолпонбаев.

Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин бөгөт чарасын 26-мартта кайра карады. Соттун чечимине ылайык, Чолпонбаевге карата мурда коюлган үй камагы эч жакка кетпөө тилкаты менен өзгөртүлдү. Бул тууралуу мекенинин басма сөз катчысы Айзада Момунова билдирди.

Акыркы жолу райондук сот мурдагы аткаминердин бөгөт чарасын 6-январда карап, сотко чейин териштирүү уланып жатканына байланыштуу анын үй камагындагы мөөнөтүн эки айга - 15-мартка чейин узарткан.

Ага чейин Бишкек шаардык соту 2020-жылдын 27-ноябрда Космосбек Чолпонбаевди 15-январына чейин үй камагына бошоткон.

Космосбек Чолпонбаев былтыр сентябрда Башкы прокуратуранын «мамлекетке 65 миллион сом зыян келтирген» деген айыбынын негизинде кармалган. Биринчи май райондук сотунун чечими менен ЖАМКка (Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызмат) караштуу №1 тергөө абагына камакка алынган.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) Чолпонбаев «Саламаттык сактоо министрлигинин жооптуу адамдарына карата шалаакылык жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалганын маалымдаган.

Чолпонбаевдин жакындары бул иш боюнча «эл аралык эксперттердин иликтөөсү зарыл» экенин айтышкан. Өзү жана жакындары укук коргоо органдарынын айыптары боюнча мындан башка комментарий берген эмес.

Космосбек Чолпонбаев саламаттык сактоо министри болуп 2018-жылдын 20-апрелинде дайындалган.

Былтыр 1-апрелде коронавируска даярдыктар жана шалаакылык боюнча катуу сындан кийин кызматынан бошотулган. (MiK)

XS
SM
MD
LG