Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 05:29

Момбеков кадр саясаты жөнүндө: түшкө чейин бирөө кызматка отурат, түштөн кийин бирөө түрмөгө отурат (видео)


Рыскелди Момбеков.

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков өкмөт улам кадр алмаштырган жана кылмыш иши көп козголгон тармак катары Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлигин атап, андагы коррупцияны жоюуга чакырды. Момбековдун маалыматында, аталган министрликтин кызматкерлеринин 76% кылмыш иши козголгон.

«Азыр таң калып жатабыз. Өкмөттө күнүгө эле кадр алмашат. Эки эле кабар. Түшкө чейин бирөө кызматка отурат, түштөн кийин бирөө түрмөгө отурат. Эң чоң коррупция сиздин тармакта. Ишке аша турган нерсе менен алектенгиле. Автоунаа жолдоруна быйыл каражат жок. Аба жолдорунун кара тизмеси эмес, кара жолдорду кара тизмесине кирип жатабыз. Жөнөкөй эле мисал, Сосновкадагы бекетти тургузуп коюп, ишке кирген жок. Канчалаган миллион кетти? Азыр Транспорт министрлигинде чекесинен алып барып отургузса болот», - деди Момбеков.

30-мартта Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында жарандык авиация тармагы талкууланды. Ага транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министри Гульмира Абдралиева катышып, эл аралык каттамдарды калыбына келтирүү, атамекендик авиакомпанияларды Европа Биримдигинин “кара тизмесинен” чыгаруу, республикадагы аэропортторду өнүктүрүү жөнүндө маалымат берди.

Кыргызстандын авиакомпаниялары 2006-жылдан бери Европа Биримдигинин "кара тизмесинен" чыга элек. (TSh)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG