Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:59

Балыкчыда ЖЭБге көмүр тарткан айдоочулар кызмат акыны көтөрүүнү суранууда


Кара-Кече көмүр кени. Архив.
Кара-Кече көмүр кени. Архив.

Ысык-Көлдүн Балыкчы шаарында Бишкек жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) көмүр ташып иштеген айдоочулар кызмат акыларын жогорулатууну суранып жатышат. Бул тууралуу Балыкчы мэриясынын аппарат жетекчиси Тилек Курманалиев "Азаттык» радиосуна билдирди.

Анын айтымында, айдоочулар өлкөдөгү товарлардын кымбаттоосуна байланыштуу жаңы сезонго тендерде көмүр ташуунун баасын жогорулатып берүүнүн өтүнүп жатышат.

"Кыргыз көмүр" ишканасы Бишкек ЖЭБине көмүр ташуу үчүн тендер жарыялап, аны уткан ортомчу ишканалар айдоочулар менен келишим түзөт. Ага ылайык Кара-Кече-Балыкчы каттамына чейин көмүр алып келген автоунаа ээлери ар бир чакырымына өз акысын алат. Айдоочулар унаанын тетиктери, азык-түлүк кымбат болгонун айтып, кызмат акыны жогорулатып берүүнү суранышты. Жаңы сезонго тендер өтүшү керек, ага карата айдоочулар алдын ала бааларды көтөрүүнү суранып жатышат", - деди Курманалиев.

Айдоочулар менен "Кыргыз көмүр" ишканасынын жетекчилиги 31-мартта Балыкчы шаардык мэриясында кезигип, маселени талкуулай турган болду.

Буга чейин кыш айларында оор жүк ташуучу автоунаалардын айдоочулары иш таштаган. Алар унааларга жүктөлгөн көмүр алардын чыгымдарын актабай жатканын белгилеп, өкмөттөн кызмат акынын кайра карап берүүнү суранышкан. (KS)

XS
SM
MD
LG