Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:27

Орусияда жергиликтүү тургун Россгвардияга ок атты


Россгвардиянын кызматкери. (Иллюстрациялык фото)
Россгвардиянын кызматкери. (Иллюстрациялык фото)

Подмосковьенин Мытищисинен алыс эмес Новые Вешки коттедждер айылында куралчан адам Россгвардиянын кызматкерлерине ок чыгарды.

Бул тууралуу “РИА Новости” агенттиги ыкчам кызматтардагы булактарына таянып жазды. Таратылган маалымат боюнча белгисиз куралчан киши үйлөрдүн биринде жашырынып, коргонгон.

Аталган айылды Россгвардия менен Федералдык коопсуздук кызматы курчоого алды. “112” телеграм-каналы аталган киши мыйзамсыз курал сатууга шектелген деп маалымдады. Ага полиция келген учурда ал күч түзүмдөрүн карай ок чыгарып, бир нече граната ыргытууга үлгүргөн.

Life Shot телеграм-каналынын маалыматы боюнча бул коттеджде ок чыгарган адам менен бирге анын туугандары, жаш бала дагы болгон. “112” телеграм-каналынын маалыматына караганда, полиция аларды үйдөн чыгарып, андан соң турак жайды курчап, чабуул койду.

Тастыкталбаган маалыматтар боюнча ок аткан адам федералдык издөөдө болчу. Ал адамдын 61 жаштагы Владимир Барданов экени айтылууда. Ал дүң-чекене соода жана курулуш менен алектенген фирманы жетектеген. Барданов салыкка 150 миң рубл карыз деген маалымат чыккан. Мурда ал жеке менчик эки күзөт ишканасына ээлик кылчу. Мына ошондон улам анда курал калган болушу мүмкүн деген божомолдор айтылды.

Тергөө комитети куралчан киши жашынган үйгө чабуул улантылып жатканын кабарлады. Ошондой эле ага бийлик өкүлдөрүнө кол салуу беренеси боюнча кылмыш иши козголгону да жарыяланды.

XS
SM
MD
LG