Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:40

Суэц каналында жүк ташуучу кемелердин тыгыны жоюлду


Суэц каналын бөгөп калган контейнер ташыгыч ири кеме. Египет. 2021-жылдын 27-марты.
Суэц каналын бөгөп калган контейнер ташыгыч ири кеме. Египет. 2021-жылдын 27-марты.

Суэц каналы аркылуу өтүп баратып, дүйнөнүн эң негизги деңиз соода өткөөлүн бөгөп калган контейнер ташуучу ири кеме жүгүнөн бошотулаары менен башка жүк ташуучу кемелердин кыймылы жеңилдеди.

Суэц каналында бир нече күндөн бери тыгында турган 37 кеме бир түндө ал жактан жылдырылып, суу каналы аркылуу өткөн соода жолу толук ачылды.

30-мартта аталган суу каналы аркылуу буга чейин кысыкка кире албай Кызыл деңизде кезекте турган дагы 130 кеменин өтүшү күтүлүүдө. Бул тууралуу Египеттин (Мысыр) Суэц каналынын башкармалыгы шейшембиде кабарлады. Анын маалыматы боюнча, Суэц каналы аркылуу өтүү үчүн топтолуп кеткен кемелердин тыгыны 3-4 күндө толугу менен жөнгө салынат.

Ичинде 18 миң контейнер жүктөлгөн узундугу 400 метрлик "Ever Given" кемеси бир жума мурун Суэц каналына кирип, бурулуп баратып, тумшугу менен жээкке тыгылып калган.

Ири контейнер ташуучу кемени кысыктан чыгарып, Суэц каналындагы тыгынды тазалоо иштери 29-мартта башталып, суу каналынын ичинен жана жээктен 30 миң куб метрден ашуун кум жана баткак сыртка чыгарылган.

Узундугу 193 чакырымды түзгөн Суэц каналы Жер ортолук деңизи менен Кызыл деңизди бириктирип, Азия жана Чыгыш Африка менен Европанын ортосундагы эң кыска деңиз жолу болуп саналат. Бул канал Африка менен Евразиянын шарттуу чек арасы катары да маалым.

XS
SM
MD
LG