Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:26

Тунистен кийин Египет элдик толкундоолордун кучагында


Демонстранттардын бул плакатында "Мубарак, биз сени жек көрөбүз" деп жазылган. Каир, 27-январь, 2011-жыл.
Демонстранттардын бул плакатында "Мубарак, биз сени жек көрөбүз" деп жазылган. Каир, 27-январь, 2011-жыл.

Египетте (Мысырда) демонстранттарга каршы катуу чаралар көрүлүп жатканына карабай, элдик толкундоолор тынчымак тургай, тескерисинче, күч алууда. Кечээ аларга кошуулуу үчүн Каир шаарына оппозициячыл саясатчы, Нобел Тынчтык сыйлыгынын ээси Мухаммад Эл-Барадейи жөнөдү.

Бейшемби күнү (27-январда) Мысырдын баш калаасы Каирде жана Суэц шаарында демонстранттардын чакан топтору чогулуп, 30 жылдан бери өлкөнү бийлеп келаткан президент Хосни Мубарактын бийликтен кетишин талап кылышты.

Бул аралыкта реформалар үчүн күрөшүп келаткан оппозициячы саясатчы, Өзөктүк кубат (Атомдук энергия) боюнча Эл аралык агенттиктин мурдагы жетекчиси Мухаммад Эл-Барадейи жума күнкү намаздан кийин өткөрүлө турган нааразылык демонстрацияга катышуу үчүн Венадан Каирге жол тартты.

- Мен ал жакка элге, өзгөчө тынч демонстрацияларды жетектеп, уюштуруп жаткан жаштарга кошулуу үчүн баратам. Мен аларга колуман келишинче саясий жана моралдык колдоо көрсөткүм келет. Алар менин элим жана мен ал жакта болушум керек, мен жаңы Египетти көрүүнү каалайм.

Нааразылык иш-аракеттери туу чокусуна жетип калганын Мусулман Агайындар уюмунун өз жактоочуларын жума күнкү демонстрацияларга катышуу чакырыгы да далилдейт.

Бул тыйуу салынган топ буга чейин демонстранттарды расмий түрдө колдоого шашыла элек болчу.

Уюмдун өкүлү Эссам Ал-Ариан египеттиктер Мубарак режиминин саясий басмырлоолоруна мындан ары чыдабайт дейт:

- Режим элдин мүдөөлөрүнө көңүл бурмайынча, нааразылык чаралары улана берет.

Мубарактын бийликтеги Улуттук демократиялык партиясы 27-январда чогулуп, соңку кырдаалды талкуулады.

Өлкөнүн коопсуздук кызматынын маалыматына ылайык, демонстрациялар башталган шейшембиден бери жалпы жонунан 1 миңдей киши кармалды. Башкы прокуратура 40 кишиге бийликти төңкөрүү аракети үчүн айып такты.

Элдин көчөлөргө чыгышына жакырчылык, өкмөттөгү коррупция, адам укуктарынын тебелениши түрткү берип, кошуна Тунистеги соңку окуялар шыкакчы болгонсуду.

Египет бийлиги мобилдик телефон байланышына тоскоолдук түзүп, интернеттеги Твиттер, Фэйсбук өңдүү социалдык тармактарды өлкөдө ачууга жолтоо болууга аракеттенүүдө.

Тунистеги ыңкылап араптардын дагы бир өлкөсүнүн - Йемендин элине да дем берди көрүнөт.

Бейшембиде ал жерде миңдеген кишилер көчөлөргө чыгып, президент Али Абдулла Салехтин кызматтан кетишин талап кылышты.

Араб дүйнөсүндөгү мындай саясий окуялар Давостогу Дүйнөлүк Экономикалык форумга катышып жаткан лидерлердин да назарында болду.

Араб Лигасынын баш катчысы, теги египеттик Амр Муса форумда сүйлөгөн сөзүндө Тунистеги көтөрүлүштөн кийин тутанган элдик толкундоолор демократиялык реформалардын убактысы бышып жеткенин көргөзүүдө деди:

- Арабдардын чыдамы кетти. Бул негизги маселе. Демек реформаларды жүргүзүү ылаазым.

Вашингтондо АКШнын Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Мубаракты мысырдык жарандардын реформага чакырган талаптарына кулак төшөөгө үндөдү:

- Египеттин өкмөтү үчүн элдин мыйзам ченемдүү муктаждыктарына жана кызыкчылыктарына жооп кайтарып, саясий, экономикалык жана социалдык реформаларды жүргүзүүгө ыңгайлуу мүмкүнчүлүк пайда болду деп ишенебиз.

Клинтон ошондой эле расмий Каирди уюкфондорду (чөнтөк телефондорду), интернеттеги социалдык тармактарды колдонууга тоскоолдук түзбөөгө чакырды.

XS
SM
MD
LG