Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:27

Өкмөт өсүмдүк майы менен кумшекердин запасын көбөйтүү аракетинде


Өкмөт үйү.
Өкмөт үйү.

Экономика жана финансы министрлиги өсүмдүк майы менен кумшекердин запасын толтуруу максатында 318,4 миллион сом бөлдү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз катчысы Нурила Батыралиева "Азаттыкка" билдирди.

"Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна 290,3 млн. сом, аны менен чогуу "Азык-түлүк" программасы боюнча чыгашаларга 220 млн. сом каралган. Булардан тышкары учурда кумшекер менен өсүмдүк майынын запасын толтуруу үчүн 318,4 млн. сом бөлүндү. Ошондой эле министр күнүмдүк керектелүүчү товарларды кымбаттатпай, баасын турукташтыруу максатында бир катар ишкерлер жана соода түйүндөрүнүн жетекчилери менен жолуккан. Негизги деп саналган азык-түлүктүн: өсүмдүк майы, 1-сорттогу ун, кумшекер жана нандын баасын туруктуу кармоо боюнча "Народный" ("Глобус") жана "Фрунзе" соода үйлөрүнүн жетекчилери, дүң сатуучулар менен макулдашуу түздү. Макулдашуу 1-июнга чейин күчүндө болот".

Бүгүн - 30-мартта Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүктүн, күйүүчү, майлоочу майлардын баасын турукташтыруу жана Кыргызстан менен Кытайдын чек арасындагы жүк ташуучулар боюнча жүрүп жаткан иш-чаралар боюнча өкмөттүн маалыматын укмак. Бирок, комитеттин жыйыны депутаттар аз келгендиктен болбой калды. (ZKo)

XS
SM
MD
LG