Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:01

Коронавируска каршы жаңы чектөөлөр боюнча чечим кабыл алынат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска каршы ыкчам штаб бүгүн, 31-мартта жыйынга чогулуп, эпидемиологиялык коопсуздук чараларын күчөтүү жана чектөө боюнча чечимдерди кабыл алат.

Бул тууралуу “Биринчи радионун” эфиринде саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, соңку күндөрү Бишкекте жана Чүй, Ысык-Көл облустарында абал начарлоодо, оорунун жайылышына каршы эрежелер сакталбай жатат. 11-апрелде өтө турган жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана 1-апрелден тартып мектептерде жаңы чейректин башталышы да вирусту жугузуп алгандардын көбөйүшүн шартташы ыктымал.

Бейшеналиев Бишкекте той-аштарды өткөрүүгө да айрым чектөөлөр киргизилерин айтты.

Кыргызстанда коронавирус жуккандардын жалпы саны 88 374кө, каза болгондор 1499 адамга жетти.

Азыр ооруканада 503 адам жатат, дагы 616 бейтап үйдөн дарыланууда. (RK)

XS
SM
MD
LG