Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:09

Кыргызстанда талаштуу 63 жайыт бар


Кум-Бел жайлоосуна барчу жолдун жээгине чогулган Жерге-Тал айылынын тургундары. 06.06.2020
Кум-Бел жайлоосуна барчу жолдун жээгине чогулган Жерге-Тал айылынын тургундары. 06.06.2020

Жайыт талаш боюнча элге түшүндүрүү иштери уланууда. Бул тууралуу айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин орун басары Илич Марсбек уулу Жогорку Кеңештин 31-марттагы сессиясында депутат Аалы Карашевдин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

“Узак мөөнөткө пайдаланууга берилген талаштуу 63 жайыт бар. Өкмөттүн токтому менен жайыттарды пайдалануу мөөнөтү 2030-жылы бүтөт. Биз бардыгы менен иштеп жатабыз”.

Жайыт талаш акыркы үч жылдан бери айрыкча Нарын облусунда курч болуп турат.

2020-жылы июнь айынын башында Нарын районунун Жерге -Тал айыл өкмөтү менен Кочкор районунун Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн малчылары жайыт талашып, урушканга чейин барышкан. Чыр жол тосууга чейин жеткен. Эл чогулган жерге милициянын кошумча күчтөрү тартылган.

Кочкор жана Нарын райондорунун тургундарынын ортосундагы жайыт маселесин териштирүү үчүн мекемелер аралык комиссия түзүлгөн. Бирок анын жыйынтыгы тууралуу маалымат айтыла элек.

Айыл чарба министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда узак мөөнөткө пайдаланууга берилген 770 миң гектар жайыт бар. Анын 240 миң гектары Нарын облусунда жайгашкан.

Узак мөөнөткө пайдаланууга алган жайыттардын убактысы 2020-жылы бүтмөк. Өкмөттүн токтому менен ал 2030-жылга чейин узартылган.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, өлкөдө 1,5 миллион бодо мал катталган. Кой-эчкинин саны 6 миллионго жеткен, жылкынын саны 467 миң. (MiK)

XS
SM
MD
LG