Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:08

COVID-19: Эмдөө Кыргызстандын бардык аймактарына эки ай ичинде жетет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө менен өлкөнүн бардык аймактарында келерки эки ай ичинде жүргүзүлөт. Бул тууралуу 31-мартта “Биринчи радионун” эфиринде саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, COVID-19га каршы эмдөө жүргүзүү үчүн алгач 100 медицина кызматкери атайын окуудан өткөн. Азыр алардын саны көбөйтүлүүдө.

Өлкөдө коронавируска каршы эмдөө 29-мартта башталды. Алгач Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда “кызыл зонада”, бейтапканада, "Тез жардамда" иштеген медицина кызматкерлери, мугалимдер жана күч органдарынын өкүлдөрү эмделери айтылган.

Эмдөө ыктыярдуу негизде, атайын ачылган пункттарда жүргүзүлөт. Бул үчүн кытайлык SinoPharm компаниясы чыгарган вакцина колдонулууда. 75 миң адамга эсептелген 150 миң доза вакцина Кыргызстанга 19-мартта келген.

Кыргызстанда коронавирус 87 миңден ашуун адамга жукту, алардын 1,5 миңдейи каза болду. (RK)

XS
SM
MD
LG