Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:28

Момбеков: Кумтөрдөн казылган алтын тууралуу эки ача маалымат бар


Рыскелди Момбеков.
Рыскелди Момбеков.

Жогорку Кеңеште Кумтөр алтын кенинен улам түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын мүчөсү, депутат Рыскелди Момбеков 1997-2020-жылдары казылган алтындын көлөмүнө байланыштуу өкмөт эки башка маалымат берип жатканын билдирди. Бул тууралуу Момбеков «Азаттык» радиосуна кабарлап, айрым документтерди көрсөттү.

Анын ырасташынча, "Кыргыз алтын" мамлекеттик ишканасынын маалыматына ылайык, 1997-2020-жылдары Кумтөрдөн 409 тонна алтын казылып, сатылган. Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети болсо 410,2 тонна казылган деп көрсөткөн.

Депутат мындай эки ача маалыматтан улам комиссиянын кийинки жыйынында маселе козгоорун айтты.

Кумтөр кени тууралуу Жогорку Кеңеште түзүлгөн мамлекеттик комиссия 18-мартта өндүрүштү жеринде көрүп келген. Комиссия аталган кендеги экологиялык жана экономикалык маселелерди карап жатат жана иши эки айдан кийин жйынтыкталат.

Кумтөр - Кыргызстандагы эң ири алтын кени. Аны канадалык «Центерра Голд» компаниясы иштетет. Компаниядагы Кыргызстандын азыркы үлүшү 26% түзөт. (TSh)

XS
SM
MD
LG