Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:10

Бишкектин мурдагы вице-мэри Азиз Алымкулов эки айга камалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук соту 2-апрелде борбор калаанын мурдагы вице-мэри Азиз Алымкуловдун бөгөт чарасын карап, аны 31-майга чейин камакта калтырды.

Алымкуловго Жазык Кодексинин 43-беренесинин 3-бөлүгү жана 319-беренесинин (Коррупция) 1-бөлүгүнө байланыштуу айып коюлган.

31-мартта Аскер прокуратурасы Бишкектеги кымбат жер тилкелерин берүү боюнча "Мыйзамсыз баюу" жана "Коррупция" беренелери менен тергелип жаткан иштин алкагында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК)райондордун биринин башкармалыгынын башчысы жана калаанын мурдагы вице-мэри кармалганын кабарланган.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, "шектүү катары кармалгандар кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып мэриянын жооптуу кызматкерлерине басым аркылуу мыйзамсыз жер тилкелерин жең ичинен сүйлөшүп алгандарга каттаткан" деп айыпталып жатат. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Кылмышка шектүүлөр жана алардын адвокаттары, жакындары азырынча комментарий бере элек. (MiK)

XS
SM
MD
LG