Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:02

Аба ырайы: тоолуу аймактарда кар көчкү жүрүшү ыктымал


Ош. Иллюстрациялык сүрөт.
Ош. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда 6-9-апрель күндөрү жаан-чачын болуп, күндүн ысышынан улам тоолуу райондордогу автоунаа жолдорунда кар көчкү түшүшү мүмкүн. Синоптиктер мындан улам кан жолдордо машинелер 500 метр аралыкты сакташы керектигин эскертти. Ал эми тоо этектериндеги аймактарда сел жүрүшү ыктымал.

6-апрелде Ош, Баткен, Нарын, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр, тоолорго кар түшөт.

Чүйдө түнкүсүн 1…6 күндүз 13…18

Талас облустарында 0…5, күндүз 13…18,

Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн 2…7, күндүз 14…19,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 0…-5, күндүз 4…9,

Нарын облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 4…9,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -15…-20, күндүз 0…-5 градус.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан жаайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 3…5°, күндүзгү жогорку температурасы 14…16° жылуу болот.

XS
SM
MD
LG