Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:10

ЖК комитети кумар оюндарына жол ачкан мыйзам долбоорду колдоду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат комитети 6-апрелде Ысык-Көл облусунун аймагына кумар оюндарына уруксат берүү тууралуу мыйзам долбоорду талкуулап, аны жактырды. Документти жалпы парламенттин сессиясында биринчи окууда кароого жөнөттү.

Долбоорду депутаттар Бактыбек Турусбеков менен Дастанбек Жумабеков даярдаган.

Алардын демилгесине ылайык, "Тамчы" аэропортунун базасындагы 1200 гектар жерге бир нече мейманканасы менен казино куруу каралган. Документте кумар оюндары ошол аймакта гана ойнотулат жана ага жергиликтүү жарандар киргизилбейт деген жобо бар. Авторлор аталган облуста кумар оюндарына уруксат берилсе жумушчу орундары түзүлүп, бюджетке киреше түшөт деп эсептешет.

Кыргызстанда кумар оюндарынын ишмердүүлүгүнө 2012-жылы, ал эми тотализатор менен букмекерлерге 2015-жылы тыюу салынган. Буга кумарканаларга акчасын уттурган жарандардын жакындарынын нааразылыгы себеп болгон. (TSh)

XS
SM
MD
LG