Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:49

Садыр Жапаров ирандык ишкерлерди Кыргызстанга чакырды


Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф. Бишкек. 2021-жыл, 6-апрель. (солдон оңго карай)
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф. Бишкек. 2021-жыл, 6-апрель. (солдон оңго карай)

Бишкекте 6-апрелде президент Садыр Жапаров Ирандын тышкы иштер министри Мохаммед Жавад Зариф менен жолукту. Президенттин басма сөз кызматы анда тараптар өз ара саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү тууралуу пикир алмашканын билдирди. Жапаров Кыргызстан инвесторлорго жагымдуу шарт түзүүгө аракет кылып жатканын белгилеп, ирандык ишкерлерди кызматташууга чакырды.

Зариф расмий Бишкек Тегеранды эл аралык аренада ар кандай багыттарда колдоп келгенине ыраазычылык билдирди. Ал кыргыз президенттине алдыдагы референдум жана шайлоону ийгиликтүү өткөрүп алышын каалап, Кыргызстандагы коопсуздук жана туруктуулук Иранга маанилүү экенин белгиледи. Иран министри Садыр Жапаровду Тегеранга чакырды.

Эки өлкөнүн соода жүгүртүүсү 2020-жылы 45 миллион доллар деп эсептелген. Соңку жолугушууда буга чейин айтылган темир жолду куруу долбоору тууралуу сөз болгон, же болбогону беймаалым.

Тегеран мындан 11 жыл илгери Иран-Ооганстан-Тажикстан-Кыргызстан-Кытай темир жолун куруу демилгесин көтөргөн. 2014-жылы аталган өлкөлөр Дүйшөмбү шаарында бул долбоор боюнча өз ара макулдашкан.

2010-жылдагы сүйлөшүү учурунда Иран бийлиги долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдап чыгууга бир миллион доллар жардам берүүнү убада кылган. Бирок Дүйшөмбү менен Тегерандын мамилеси сууп кеткенден кийин долбоор илгерилебей, ара жолдо, арасат абалда калган. (TSh)

XS
SM
MD
LG