Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2022 шаршемби, Бишкек убактысы 20:11

Жалал-Абадда 7-апрель окуясы эскерилди


Жалал-Абад шаарындагы 7-апрель окуясын эскерүү иш-чарасы. 2021-жылдын 6-апрели.

Жалал-Абад шаарында 2010-жылдагы 7-апрель окуясына арналган эскерүү иш-чарасы өттү. Ага облус башчылары, тарыхчылар, студенттер жана апрель окуясынын каармандары катышты. Чогулгандар шаардагы Эркиндик айкелинин алдына гүл чамбар коюп, куран окушту.

2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстанда 87 адамдын өмүрү кыйылган элдик толкундоодон кийин Курманбек Бакиев башында турган бийлик кулатылган. Анын ордуна Роза Отунбаева жетектеген Убактылуу Өкмөт бийликке келген.

Кыргызстанда бул күн "7-апрель Элдик апрель революциясы" деп аталып, календарда кызыл менен белгиленген. (TB)

XS
SM
MD
LG