Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:10

Акыйкатчы институту: Кудайберген уулу коронавирус болгон жок


Тилекмат Кудайберген уулу.
Тилекмат Кудайберген уулу.

Акыйкатчы институту Бишкектеги №1 тергөө абагынын жетекчиси Нурдин Турусбековго шилтеме кылып аталган абакта жаткан активист Тилекмат Кудайберген уулуна (Куренов) коронавирус жукканы ырасталбаганын билдирди.

Аталган институттун сайтындагы маалыматка ылайык, активисттин жактоочусу Кудайберген уулунун саламаттыгы тууралуу маалымат алуу үчүн абак башчсына расмий кайрылган. Турусбеков мыйзамда белгиленген мөөнөттө жооп берилерин билдирген.

Абактын жетекчиси Акыйкатчы институнун өкүлдөрү байланышканда “учурда анын саламаттыгы жакшы жана CОVID-19 белгилери жок. Аны өз колу менен жазылган тил кат менен тастыктады. Аны менен кошо камерада дагы 16 киши жатат”, -деп жооп берген.

Расмий маалыматка ылайык, Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткандардын арасындан коронавирус жугузуп алгандар жок.

Бишкек шаардык соту 6-апрелде Кудайберген уулунун бөгөт чарасын карап, аны 15-апрелге чейин абакта калтыруу тууралуу райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.

Ага Жазык кодексинин 310-беренеси («Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар») жана 264-беренесине («Массалык баш аламандыктар») ылайык айып коюлган. Укук коргоо органдары анын "Фейсбуктагы" баракчасындагы билдирүүсүндө "бийликти кулатууга чакырыктар бар" деп тапкан жана активист 15-мартта камакка алынган.

Бишкектин Свердлов райондук соту 16-мартта активисттин бөгөт чарасын жабык карап, бир айга тергөө абагына камакка алган. Ал ошол күнү ачкачылык баштай турганын айткан. Көп өтпөй нааразылык акциясын токтоткону белгилүү болгон.

9-мартта башкалаада Конституциянын жаңы долбооруна каршы өткөн тынчтык митингин Кудайберген уулу алып барган. Мындан көп өтпөй анын үйү жана ал мүчө болгон «Ханституцияга каршы» борборунун кеңсесинде тинтүү жүргүзүлгөн. (TSh)

XS
SM
MD
LG