Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:55

Өкмөт башчы суу каптаган көчөнүн маселесин чечүүнү тапшырды


Жарандык активист Болот Ибрагимов Дэн Сяопин жана Алыкулов көчөлөрүнүн кесилишиндеги суу каптагандан кийин түшкөн сүрөт.
Жарандык активист Болот Ибрагимов Дэн Сяопин жана Алыкулов көчөлөрүнүн кесилишиндеги суу каптагандан кийин түшкөн сүрөт.

Премьер-министр Улукбек Марипов Бишкек шаарынын Дэн Сяопин жана Алыкулов көчөлөрүнүн кесилишиндеги суу каптаган жолдун маселесин чечүүнү көзөмөлүнө алды.

Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлагандай, ал Бишкек – Кара-Балта жолун реконструкциялоо менен байланыштуу.

Адистер тарабынан аныкталгандай, аталган тилкенин дренаждык схемасы чогулган сууну натыйжалуу буруп кетүүгө туура келбейт, бул көйгөй 2014-жылдан бери чечилбей келатат.

Премьер-министр суу каптаган автоунаа жолунун маселесин жергиликтүү бийлик жана Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бирге чечиши керектигин айтты.

«Мындай көйгөйлөр жеринде чечилиши кажет, айрым чиновниктердин шалаакылыгынан карапайым жарандар жабыр тартууда», - деди Улукбек Марипов.

30-мартта жааган жаандан Дэн Сяопин жана Алыкулов көчөлөрүнүн кесилишинде суу топтолуп калган. Жарандык активист Болот Ибрагимовдун сөз болуп жаткан көчөдөн кайык менен өткөн видеосу коомчулукта талкуу жараткан. (BTo)

XS
SM
MD
LG