Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:52

Үч талапкер шайлоодон четтетилип, 18 партия эскертүү алды


Кыргызстанда быйыл 10-январда өткөн президенттик шайлоо.
Кыргызстанда быйыл 10-январда өткөн президенттик шайлоо.

Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоонун үгүт өнөктүгүндө Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоого катышып жаткан партиялардын үч талапкерин саясий жарыштан четтетип, мыйзам бузганы үчүн 18 партияга эскертүү берди.

Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов Жогорку Кеңештин 8-апрелдеги жыйынында айтты. Анын сөзүнө караганда, шайлоодогу мыйзам бузуулардын көбү добуш сатып алуу жана административдик ресурсту колдонууга туура келет.

«Шайлоочулардын укуктарын бузуу боюнча төрт, шайлоочулардын добушун сатып алууга аракет кылуу боюнча 27, административдик ресурсту колдонууга байланыштуу 13 кайрылуу түшкөн. Шайлоочуларды коркутуу боюнча бир, шайлоо алдында үгүт иштерин жүргүзүүнүн эрежелерин бузуу тууралуу 29, документ жасалмалоо боюнча эки жана шайлоо фонддорунун бузулушу боюнча төрт кайрылуу түштү».

Абдыжапар Бекматов арыздар Боршайкомдун тиешелүү жумушчу топторунда каралып, чечимдер кабыл алынганын айтты.

Кыргызстанда 11-апрелде жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо өтөт. Ал күнү өлкөдөгү 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттары шайланат.

Ушул эле күнү президенттик башкарууга багытталган Конституциянын жаңы долбоору референдумга коюлат. (BTo)

XS
SM
MD
LG