Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:40

Жээнбеков: «Next TV» каналына байланыштуу кысым болуп жатат


Равшан Жээнбеков.
Равшан Жээнбеков.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков Бишкек шаардык сотунун судьясы, карындашы Мира Жээнбековага козголгон кылмыш ишин «Next TV» телеканалынын ишмердигине байланыштырды.

«Мага эки-үч айдан бери «тигинт-минт, чыгарба» деген ар кандай сигналдар берилип жаткан. Мен телевидениенин ишине кийлигишпейм да. Канал өз алдынча иштейт. Телеканалга ар тараптуу маалыматтар чыгып жатат. Эми ошого чыдабай айласы кетип мага басым кылып жатышат».

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Мира Жээнбекова мыйзамсыз баюуга шек саналып жатканын, ал мыйзамдуу киреше булагы жок болсо да кымбат баалуу кыймылсыз мүлктөр жана бир катар коммерциялык объектилерге ээ экенин кабарлаган.

74 кымбат баалуу батири, 19 соода жайы, 10 автоунаа токтотуучу жайы, Бишкекте ыңгайлуу аянттардагы жер тилкелери аныкталганын маалымдаган.

Судья Мира Жээнбекова коюлуп жаткан айыпты четке кагып, өзүнүн жана жакындарынын мүлктөрү ал Бишкек шаардык сотунун судьясы болуп дайындалганга чейин эле болгонун, УКМКнын маалыматында фактылар бурмаланганын билдирди.

Судьянын түшүндүрүүсүндө, 74 батирлүү жана 10 автоунаа токтотуучу жайы бар үй анын күйөөсүнө таандык жер тилкесине курулуш компаниялардын бири менен болгон келишимдин негизинде курулган. Батирлердин көбү үлүшчүлөргө таандык.

Равшан Жээнбековго таандык «Next TV» телерадиоканалы алгач Таласта аймактык көз карандысыз радио катары обого чыккан. 2013-жылдын апрель айынан тартып, телеканал катары иштей баштаган. Канал өлкөдө болуп жаткан коомдук - саясий окуяларды чагылдырат.

«Next TV» «Настоящее Время», DW телекомпанияларынын, «Азаттык» радиосунун өнөктөшү катары алардын продукцияларын өлкө аймагында обого чыгарып келет. (BTo)

XS
SM
MD
LG