Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:29

Шайлоо: көчмө урна менен добуш бергендер


Шайлоо: көчмө урна менен добуш бергендер
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:11 0:00

Ош шаарында 10-апрелде 1519 адам добуш берди. Мыйзам боюнча шайлоо өнөктүгүнө катыша албаган жарандар аймактык шайлоо комиссиясына арыз менен кайрылышы керек. Бүгүн таңкы саат 8ден баштап добуш берүү башталган. Майыптыгы бар адамдар жана кары-картаңдар үйүнөн добуш беришти.

11-апрелде өтө турган жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана Башмыйзамдын жаңы долбоору боюнча референдумда 19 298 адам добушканадан тышкары жерде добуш берүүгө арыз берген. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 9-апрелде маалымдаган. Ага ылайык, арыз бергендердин басымдуу бөлүгү Бишкекте - 4990 шайлоочу, андан кийин Ош облусунда - 3811, Чүй облусунда 2830, Жалал-Абад облусунда - 2691, Ош шаарында 1,5 миңден ашуун шайлоочу бар.
XS
SM
MD
LG