Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:51

Милиция: кызга бычак менен кол салган шектүү кармалды


Шектүүнүн сүрөтү.
Шектүүнүн сүрөтү.

Бишкек шаардык милициясы көчөдө кызга бычак менен кол салган деген шек менен 44 жаштагы киши кармалганын кабарлады. Шектүү шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, кармалган кишини тинтүү учрурунда далил буюм катары бычак табылган.

10-апрелдин түнүндө милицияга Бишкек шаарындагы Сухэ-Батор көчөсүндө бараткан кызга бейтааныш адам бычак менен кол салганы боюнча арыз түшкөн. Октябрь райондук милициясы бычак кыздын ийнине тийгенин, учурда шектүүгө издөө жарыялаганын кабарлаган.

Факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин (“Бейбаштык”) беренеси менен катталып, тергөө башталды. Милиция экспертизанын жыйынтыгы менен бул кылмышка карата берене өзгөрүшү мүмкүн экенин кабарлады.

Социалдык тармактарда кызга бычак шилтеген окуя боюнча бейбаштык беренеси менен кылмыш иши козголгонуна нааразы болгондор пикир жазып жатышат.

Бишкекте 5-апрелде уурдалган Айзада Канатбекованын сөөгү 7-апрелде табылган. Бишкек шаардык милициясы аны уурдоого шек саналган 31 жаштагы Замирбек Теңизбаев кызды муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнө бычак сайып каза болгонун билдирди.

Бул окуя коомчулукта милицияга карата сынды күчөттү. Бишкек менен Ошто ИИМдин жетекчилигинин кызматтан кетишин талап кылган акциялар өтүп, андан кийин бир нече адам кызматтан алынды. (TSh)

XS
SM
MD
LG