Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:36

Бишкек шаардык кеңешиндеги 45 орунга 1820 талапкер ат салышууда


Бишкек шаарындагы жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдумга добуш берүү учуру. 11-апрель, 2021-жыл.
Бишкек шаарындагы жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдумга добуш берүү учуру. 11-апрель, 2021-жыл.

Бишкек шаардык кеңешинде жалпы 45 депутаттык мандат үчүн атаандашып жаткан 1820 талапкердин 729у аялдар.

Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди. Маалыматка караганда, шаардык кеңештин депутаттарын шайлоого 25 саясий партия талапкерлерин көрсөткөн.

Башкалаада жергиликтүү кеңештерге шайлоого 419 миң 901 шайлоочу катталган. Ал эми референдумга катталган шайлоочулардын саны 420 миң 787 киши.

Кыргызстанда бүгүн, 11-апрелде 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттары шайланат. Шайлоо менен кошо президенттик башкарууга багытталган Конституциянын жаңы долбоору референдумга коюлду. (NT)

XS
SM
MD
LG