Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Октябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:18

Коронавирус бир күндө алты кишинин өмүрүн алды

Коомдук транспорттогу эскертүү. Бишкек. Апрель, 2021-жыл.
Коомдук транспорттогу эскертүү. Бишкек. Апрель, 2021-жыл.

Акыркы бир сутка ичинде Кыргызстанда COVID-19 илдетинен алты киши каза болду.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги билдиргендей, алардын үчөө Бишкекте, экөө Чүйдө, бирөө Ысык-Көл облусундагы ооруканаларда жаткан.

Ушуну менен өлкөдө коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери андан каза болгондор 1528ге жетти.

12-апрелге карата республика боюнча вирус дагы 145 кишиден табылды. Пандемияда аны жугузуп алгандар 90 372, айыккандар 86 028 кишини түздү. Бир күн аралыгында 103 бейтап айыкты. (NT)

​
XS
SM
MD
LG