Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:08

БШК: Референдумга шайлоочулардын 37% ашыгы келди


Нуржан Шайлдабекова.
Нуржан Шайлдабекова.

11-апрелде Кыргызстанда президенттик башкаруу системасын кайра орното турган Конституциянын долбоору боюнча референдумга тизмеге киргизилген шайлоочулардын 1 336 7438 же 37,08% келди.

Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова 12-апрелдеги брифингде билдирди.

Анын айтымында, учурда Кыргызстандагы жана чет мамлекеттердеги 2437 добушканадан же 98% маалыматтар келди.

Референдумга карата жалпы 3 606 201 киши тизмеге киргизилген.

Анын 1 059 476ү же 79,24% "макул" деп добуш беришти. 182 533 же 13, 66% каршы болушту.

Бул акыркы жыйынтык эмес. Добуш саноо уланып жатат.

БШКнын расмий сайты көрсөткөндөй, референдумга катышкандардын 7 пайызга чукулунун же 90 миңден ашуун шайлоочунун бюллетени жараксыз деп табылды. 10-январдагы референдумга салыштырмалуу бул жолу жараксыз бюллетендер дээрлик эки эсе көп болду.

Мыйзамга ылайык, жалпы шайлоочулардын 30% катышса, бүткүл элдик добуш берүү өттү деп эсептелет. (NT)

XS
SM
MD
LG