Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:33

Жалал-Абадда төрөлгөн үч эмге батир берилет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абад шаарында өткөн аптада үч эмди жарык дүйнөгө алып келген Гүлнара Буркүтовага үй берилет. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнис Ормоков 12-апрелде ымыркайлардан кабар алган учурда билдирди жана акчалай колдоо көрсөттү.

“Жакында депутаттар менен сүйлөшүп сизге үч бөлмөлүү батир белекке беребиз. Апасы шаар тургуну, батирде турат экен. Ошондуктан бул бөбөктөр кыйналбашы үчүн батир маселесин чечип берели деп жатабыз. Ал эми шаар депутаттары буга чейин үч эмдүү болгон эки үй-бүлөгө да батир алып беришкен”, -деди Ормоков.

38 жаштагы Гүлнара Бүркүтова Жалал-Абад облустук төрөт үйүндө 31-март күнү эки кыз, бир уулду жарык дүйнөгө алып келген. Ымыркайлар оор абалда төрөлүп, жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Ал жерде дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, баарынын тең абалы жакшырды. Үч эмдин биринчиси 1 кг. 800 гр., калган экөө 2 кг. салмакта жарыкка келген. Ымыркайларга Аделина, Адилет, Аделя деген ысымдар коюлду.(TB)

XS
SM
MD
LG