Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Май, 2022 бейшемби, Бишкек убактысы 13:06

Сузакта кыз ала качуу катталды


Ала качуунун курмандыгы Айзаданын окуясы боюнча Татьяна Зеленскаянын тарткан сүрөтү. 8-апрель, 2021-жыл.

12-апрель күнү, кечки саат 21:00 чамасында Сузак районунун аймагында кыз ала качуу фактысы катталды. Аталган маалымат Сузак райондук милиция бөлүмүнө түшкөн соң, тартип сакчылары тарабынан кыз ала качкандар район аймагынан кармалып, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Милициянын билдирүүсүнө ылайык, ала качууга туш болгон кыз аман-эсен ата-энесине өткөрүлүп берилди.

Кыз ала качууга шек саналган адамдардын тек-жайы такталууда.

Расмий маалыматтар боюнча Кыргызстанда жыл башынан бери ала качуу, эркинен тыш нике кыюуга мажбурлоого байланыштуу 59 факты катталган. Анын ичинен учурда сегизи гана өндүрүштө.(TB/ZKo)

XS
SM
MD
LG