Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:46

Казакстанда абакта жаткан активист Абишев ачкачылык жарыялады


Кенжебек Абишев сот жараянында.
Кенжебек Абишев сот жараянында.

Казакстанда «куралдуу жихадга чакыруу» айыбы менен соттолгон жарандык активист Кенжебек Абишев түрмөдө ачкачылык жарыялады. Бул тууралуу 12-апрелде Адам укуктары боюнча казак бюросунун кызматкери Инга Иманбай билдирди.

Абак башчысына арналган «Ачкачылык тууралуу маалымдама» жана президент Касым-Жомарт Токаевге жазылган «өлүм алдындагы жазуу» деп аталган катта Абишев негизсиз соттолгонун, сот менен атайын прокурор мыйзамдарды бузуп жатканын, түрмөдө керектүү дары-дармектер менен камсыздалбаганын жазган.

«Жалынып-жалбаргыдай, ыйлагыдай, сурангандай жагдайда эмесмин. Ошондуктан мындан ары өмүр сүрүүнүн, тамак ичүүнүн кажети жок. Эч нерсе жегим да, дарылангым да келбейт. Өлтүргүңөр келеби? Өлтүргүлө! Өмүр сүрүүдөн чарчадым», - деп жазылган катта.

Атайын прокурор Азамат Абдулдаев бул боюнча комментарий бербей турганын, абак жетекчилигине кайрылуу керектигин айтты. Активист кармалып турган Алматы облусунун Заречный айылындагы колония да түшүндүрмө берген жок.

Казакстанда «куралдуу жихадга чакырды» деп айыпталган Кенжебек Абишев, Оралбек Омыров жана Алмат Жумагулов 2018-жылы 21-декабрда узак мөөнөткө эркинен ажыратылган.

XS
SM
MD
LG