Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:15

Наманганда дайынсыз жоголгон кыздын сөөгү каналдан табылды


Өзбекстандагы каналдардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Өзбекстандагы каналдардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Наманган каналында дайынсыз жоголгон окуучу кыздын сөөгү табылды. Бул тууралуу облустук прокуратура билдирди.

Маалыматка караганда, кыздын атасы Чартак райондук прокуратурасына 5-апрелде кайрылып, кызы эртең менен мектепке кетип, ошол бойдон кайрылып келбегенин билдирген.

Издөө иштеринин жыйынтыгында «Катта Наманган» каналындагы көпүрөнүн жанынан окуучу кыздын сөөгү табылган.

Кийинчерээк прокуратура кызды жеңеси мектептен алып баратып каналга түртүп жибергени аныкталганын маалымдады. Ушу тапта шектүү кармалды, ага карата «Атайлап киши өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө башталды.

XS
SM
MD
LG