Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:51

Жол боюндагы камераны талкалап кеткен айдоочуга иш козголду


Окуя Чүйдүн Бообек айылында болгон.
Окуя Чүйдүн Бообек айылында болгон.

Чүйдө жол кыймылын көзөмөлдөөчү аппаратты талкалап кеткен айдоочу боюнча сотко чейинки териштирүү Жазык кодексинин 210-беренесинин (Бөтөн мүлктү жок кылуу же бузуу) негизинде жүрүп жатат. Бул тууралуу 16-апрелде “Азаттык” радиосуна ИИМдин Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматынын өкүлү Тилек Исаев билдирди.

Анын айтымында, кылмышка шектүү адам ким экени аныкталып, машинасы дароо атайын токтотмого киргизилген. Окуя 15-апрелде Бишкек – Нарын – Торугарт автожолунун 90-чакырымында, Бообек айылынын тушунда болгон:

“Кемин районунун 37 жаштагы тургуну өзүнө таандык Лексус LX470 үлгүсүндөгү кара түстөгү жолтандабас унаасы менен “Коопсуз шаардын” көчмө “Автопатруль-Радар” аппараттык-программалык комплексин сүзүп, тебелеп, качып кеткен”.

Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, тийиштүү экспертизалар дайындалды.

Жарактан чыгып калган «Автопатруль-Радар» аппаратынын баасы 2 миллион 324 миң сом экени айтылды.

Кыргыз өкмөтү жол кырсыктарын азайтуу максатында “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыра баштаганына бир нече жыл болду. Долбоор алкагында жол эрежесин бузгандарды аныктоо үчүн көчөлөргө камералар илинип, жолдордун боюна атайын аппараттар орнотулган. Милиция бул аппараттарды атайылап талкалап кетип жаткандар көп экенин, чыгым миллиондоп саналарын билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG