Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:30

Жапаров элди коронавируска каршы вакцина алууга чакырды


Президент Садыр Жапаров Улуттук госпиталдын коронавирустан дарылоочу бөлүмүндө. Бишкек. 15-апрель, 2021-жыл.
Президент Садыр Жапаров Улуттук госпиталдын коронавирустан дарылоочу бөлүмүндө. Бишкек. 15-апрель, 2021-жыл.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 15-апрелде Бишкектеги жана Чүйдөгү бир катар медициналык мекемелерди кыдырды.

Ал Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына, Улуттук госпиталга жана Токмок аймактык ооруканасына барып, ал жерде COVID-19 вирусунан дарыланып жаткандардын абалы менен таанышты. Андан кийин мамлекет башчы кыргызстандыктарга кайрылуу жасады.

Президент жалпысынан өлкөдө абал өтө коркунучтуу эмес деп баалады. Ал оорунун белгилери байкалган учурда эле ооруканага, дарыгерге кайрылуу зарылчылыгын айтты.

“Өзүңөрдүн ден соолугуңарга кайдыгер болбой, кайрылып тургула. Эң негизгиси, мен сиздерден суранарым, баарыңыздар вакцина алыңыздар. Бүгүнкү күндө республика боюнча болгону 4 миңдин тегерегинде гана адам вакцина алды. Вакцина бар. Райондогулар ар бир райборборго барсаңыздар болот”.

Садыр Жапаров кырдаалдан карантиндик чектөөлөрдү киргизбей чыгып кетүүгө бар күчүн жумшарын билдирди.

Март айында президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек Садыр Жапаров коронавируска каршы вакцина албай турганын кабарлаган.

Анын айтымында, мамлекет башчыда вируска каршы антитела иштелип чыккандыктан дарыгерлер эмдөөнүн кажети жоктугун билдирген.

Коронавируска каршы күрөш боюнча штабдын маалыматына ылайык, Кыргызстанда 15-апрелде COVID-19 илдетинен 6 киши каза болду. Былтыр марттан бери илдеттин курмандыктары жалпысынан 1540 кишиге жетти.

Вирус акыркы бир суткада 305 кишиден аныкталды. Оору жугузуп алгандардын көбү Бишкекте жана Чүйдө.

Ооруга жалпы 91 144 адам чалдыгып, 86 491 киши айыкты.(ZKo)

XS
SM
MD
LG