Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:33

Бишкекте төкмө акын Элмирбек Иманалиевди эскерүү кечеси өттү


Элмирбек Иманалиевди эскерүү кечеси.
Элмирбек Иманалиевди эскерүү кечеси.

Бишкекте таанымал төкмө акын, комузчу, маркум Элмирбек Иманалиевди эскерүү кечеси өттү. Борбор калаанын №27 китепканасынын жамааты уюштурган “Булбулу элең элиңдин” аттуу иш-чарага маркумдун үй-бүлөсү, жакындары, замандаштары, мектеп окуучулары катышты.

Кеченин жүрүшүндө Иманалиевдин обондуу ырлары аткарылып, көркөм окулду. Аны жакындан таанып-билген замандаштары кызыктуу окуяларды эскерип, айтып беришти. Ал эми өзү тарбиялап кеткен шакирттери төкмө акындын өнөргө салган даңгыр жолун даңазалап ырдашты.

Китепканада маркумдун өмүр жолуна жана чыгармачылыгына арналган көргөзмө да өттү.

Жаш муундар Элмирбек акынды эскеришти
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:25 0:00

Кыргызстан эле эмес, бүткүл Борбор Азияга таланттуу төкмө акын катары таанылган Элмирбек Иманалиев эл аралык жана республикалык деңгээлде өткөн бир нече айтыштарда баш байге алган. Ал 2020-жылы 20-апрелде 42 жашында оорудан улам каза болгон. (MZh)

XS
SM
MD
LG