Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:27

Руслан Акматбек: Матраимовдун схемасы токтодубу же жокпу, белгисиз болууда


Руслан Акматбек.
Руслан Акматбек.

Жарандык активист Руслан Акматбек бийлик Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов түзгөнү айтылган коррупциялык схема жоюлдубу же жокпу деген суроого жооп бере албай жатат деп эсептейт. Мындай пикирин ал 15-апрелде «Азаттык» радиосунун «Эксперттер талдайт» көрсөтүүсүндө айтты:

«Коомчулуктагы эң чоң суроолордун бири – Матраимовдун ушул схемасы токтодубу же токтогон жокпу? Бийлик бүгүнкү күндө ушул суроого жооп бере албай жатат”.

Көрсөтүүгө катышкан мурдагы вице-премьер-министр Максат Мамытканов бажыдагы жемкорлук жоюлганын айтууда. Ал Руслан Акматбектин суроосуна “Токтогон үчүн “кусуп” жатышат да баары” деп жооп берди.

Матраимовго карата кылмыштуу кирешени легалдаштыруу (адалдоо) фактысы боюнча быйыл 18-февралда башталган сотко чейинки териштирүү токтотулганын жана аны камакка алуу тууралуу бөгөт чарасы жокко чыгарылганын УКМК 15-апрелде билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, анын Дубайда кымбат мүлкү бар экендиги тууралуу “Азаттыктын” журналисттик иликтөөсүндө айтылгандар тастыкталган жок.

Ал эми Матраимовго коррупцияга байланыштуу козголгон иш боюнча сот чечими Бишкектин Биринчи май райондук сотунда быйыл 11-февралда чыккан. Ал айыптуу деп табылып, жаза чарасы тергөө менен кызматташуу тууралуу келишимге ылайык 260 миң сомдук айыппул деп чегерилген.

Матраимов өзү сотто көрсөтмө берип жатып күнөөнү моюнуна аларын айткан.

УКМК Матраимов өзү жана бажыдагы башка кызмат адамдары 2016-жылдын башында бажы системасында коррупциялык схема түзүшкөнүн, бул схема азыркыга чейин иштеп турганын билдирген.

«Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө» долбоору (OCCRP), анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» медиасы чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо», «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөөлөрдө бажыдагы коррупцияга Матраимовдун тиешеси бар экенин таап чыгышкан.

Бул иликтөөлөрдү Райымбек, Искендер Матраимовдор, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк Ысмайыл Матраимов атындагы фонд каралоо деп эсептеп, сотко кайрылышкан. (RK)

XS
SM
MD
LG