Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 11:16

Мушташтан жабыркаган окуучуга операция жасалды, эки шектүү үй камагына алынды


Иллюстрациялык сүрөт.

Каракол шаарында мектеп окуучулары арасында болгон мушташта жараат алган өспүрүмгө башынан операция жасалды, кылмышка шектүү эки бала үй камагына алынды.

Жараат алган бала Бишкекте Улуттук госпиталдын нейрохирургия бөлүмүндө жатканын, дарыгерлер анын мээсине кирип кеткен сөөктү чыгарышканын, абалы туруктуу экенин “Азаттыкка” 16-апрелде апасы билдирди.

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакуновдун айтымында, шектүү катары кармалган эки өспүрүм Каракол шаардык сотунун чечими менен үй камагына алынды. Алар Ак-Суу районунун Таш-Кыя айылынын 15 жана 16 жаштагы тургундары.

Беш бала катышкан окуя 9-апрелде Караколдун Кашка-Суу кичи районунун жанындагы футбол аянтчасында болгон. Милициянын маалыматына караганда, өспүрүмдөрдүн биринин башына таш тийип, ал алгач облустук оорукананын сыныктар бөлүмүнө жаткырылган.

Факт Каракол шаардык ички иштер бөлүмүндө Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 266-беренеси ("Ээнбаштык") менен катталган. (KS)

Пикирлерди көрүңүз

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.

XS
SM
MD
LG