Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:06

Суваналиев: “Апрель” алтын кени боюнча мыйзамдуулук сакталат, тартип бузууга жол берилбейт


Өмүрбек Суваналиев.
Өмүрбек Суваналиев.

Баткен бийлиги инвестор облус аймагындагы “Апрель” алтын кенин мыйзам талаптарына ылайык иштетүүсүн көзөмөлдөйт жана кандайдыр бир тартип бузууларга жол бербейт. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна өкмөттүн облустагы өкүлү Өмүрбек Суваналиев билдирди.

Кендин айланасында түзүлгөн кырдаал боюнча маалымат берип Суваналиев инвестор менен, жергиликтүү эл менен жолугушуу уюштурулуп, Катраң айыл аймагын өнүктүрүү боюнча программа жана социалдык пакет тууралуу түшүндүрүү, өндүрүш технологиясынын коопсуздугу боюнча маалымат берүү иштери жасалып жатканын айтты.

“Баткен облусунун аймагында кен байлыктарын иштетүүдө калктын саламаттыгы, аймактын экологиясы эл аралык нормаларга ылайык, мыйзам чегинде, белгиленген тартипте сакталат. Ошол эле учурда тартип бузууга жол берилбейт”, - деди Суваналиев.

14-апрелде Лейлек районунун Катраң айылынын тургундары президент Садыр Жапаровго видео кайрылуу жасашкан. 150дөй жергиликтүү тургун чогулуп, Өзгөрүш айылынын “Алмалуу” тоосундагы ”Апрель“ алтын кенин иштетүүгө каршы экенин билдиришкен.

2012-жылы бул кенди иштетүүгө он жылдык лицензия Орусиянын “Апрельское Эй Зет Ай” ишканасына берилген. Азыр изилдөө, чалгындоо, жол салуу иштери жүрүүдө. Кен казуу баштала элек.

2012-жылы Катраң айыл аймагынын тургундары кенди иштетүүгө каршы чыгып, чалгындоого киришкен “Алаурум” ишканасынын мүлкүн талкалап, инвесторлор менен элдин ортосунда чыр чыккан. Факт боюнча кылмыш иши козголуп, иш да убактылуу токтогон, кийин ал кыскартылган. (JsA)

XS
SM
MD
LG